Жылнаама, 14-ноябрь: 1954-жылы АКШнын 66-мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс туулган

*1954-жылы (59 жыл мурун) 2001-2005-жылдары АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аркалаган Кондолиза Райс Алабама штатындагы Бирмингем шаарында туулган. Жаш чагынан саясатка кызыгып, эл аралык мамилелер боюнча Жозеф Корбелден сабак алат. 1970-жылы 19 жашында Ыйык Мария академиясын бүтүрүп, саясий илимдер боюнча бакалавр даражасын алат.

 

1975-жылы Денвер университетинде магистратуралык диссертациясын коргоп, өзүнүн тырышчаактыгын көрсөтө алган. 1981-1987-жылдары Стэндфорд университетинде доцент болуп иштеген. Бул Райстын биринчи академиялык кызматы болуп саналат. АКШнын тарыхындагы саясатта таасири күчтүү аялдардын катарын толуктагандардын бири. Форбс журналы эки жолу (2004-2005-жылдары) дүйнөдөгү эң белгилүү жана таасири күчтүү аял деп аталган. 

 

“Кондини колдойбуз” аттуу шайлоочулардын бирикмеси Кондолиза Райстын 2008-жылы президенттик шайлоого катышуусун айтып чыгышкан. 2009-жылы Кондолиза Райс Стэндфорд университетинде иштеп баштайт. 2012-жылы аталган окуу жайда Политология факультетинде профессор катары сабак берип келет. 

 

*1939-жылы  (74 жыл мурун) Кыргыз ССР Кино жана кинотрест башкармалыгы республикалык кинофестиваль өткөрүү туурасында чечим чыгарган.

 

*2003-жылы (10 жыл мурун) "ММК колдоо борбору" басмаканасынын салтанаттуу ачылышы болгон. Ошол күндөн тартып Кыргызстанда толук түстүү гезиттер жарык көрө баштаган.

 

*2006-жылы (7 жыл мурун)  оңдоо иштерине 5 миллион сом сарпталган президенттик Ту-154 учагы өлкөнүн расмий делегациясын чет өлкөлөргө ташуу үчүн ишке киришет. 

 

13-ноябрда жогоруда айтылгандардан тышкары Кыргызстанда жана дүйнөдө бир топ маанилүү окуялар камтылган. Жылнаама толугу менен бул жакта... 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azamat.k
2013-11-14 08:23:49
Кондомдон башка киши жокбу,Кыргызстанда торолгон.Менин кошунам Арапбай да 14-ноябрда торолгон.Намыс ариет дегенди билип Кыргыздар,Кыргызстан жонундо жазсанар.
0
admin_superstan
2013-11-14 09:26:26
azamat.k, жылнаамага окуяларды сайттын колдонуучулары кошот. Эскерте кетсем, жылнаамага тарыхта калган белгилүү датаны, жалпыга таанымал майрамдарды, атактуу инсандардын туулган күнүн, каза болгон күнүн киргизүүгө болот. Ал эми “менин кошунамдын туулган күнү” же “бүгүн менин маанайым сонун” деген сыяктуу билдирүү жөнөтүүгө болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан