Жылнаама. 25-ноябрь: Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү.

Дүйнөдө Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү. Бул күндү дүйнөнүн активист айымдары 1981-жылдан баштап белгилеп келишет. 1999-жылы 17-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы 25-ноябрь - Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү деп жарыялаган. Бириккен улуттар уюму дүйнөдөгү бардын бейөкмөт уюмдары менен эл аралык уюмдарга бул күнү иш-чараларды өткөрүп, аталган көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган. 

Тарыхка кайрылсак, бул күндү белгилөөгө 1961-жылы Доминикан Республикасындагы окуя себеп болгон. Доминикандык диктатор Рафаэля Трухильонун буйругу менен Мирабал эже-сиңдилер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Эже-сиңдилер ошол жылдары саясий активист болуп турушкан.

*1667-жылы (346 жыл мурун) Азербайжандын Шемаха шаарында катуу зилзала болгон. Жаратылыш кырсыгы 80 миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен. 

*1935-жылы (78 жыл мурун) жазуучу, котормочу  Раимбек Абдиев туулган. Ал Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебин, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, райондук, облустук, республикалык массалык маалымат каражаттарында кабарчы, адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордук кызматтарды аткарган. 1982-1983-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинде жооптуу кызматта иштеген. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында ММКлар жана коомдук уюмдар боюнча иштеп, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Макалалары, фельетондору, очерктери, аңгемелери басма сөз беттерине жарыяланган жана бир катар радио-телеберүүлөрдү уюштурган. Француз классиги А.Доденин «Балакай» романын жана орус, украин, казак жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасында Р.Абдиевдин көп актылуу пьесалары сакталган. 1971-жылдан баштап СССР Журналисттер, 2009-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Жарык көргөн китептери: "Коммунисттин максаты" , "Күжүрмөндөр менен бирге", "Кыргызстан", "Абийир", "Таазим", "Алай закымдары" "Үмүт" жана башкалар.

Жылнаама толугу менен бул жакта...   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан