Жылнаама. 29-ноябрь: 1991-жылы КРнын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов автокырсыктан каза тапкан

*1830-жылы 29-ноябрда Польша, Литва, Белоруссия, Украинанын аймагындагы Орусия империясынын бийлигине каршы улуттук боштондук күрөшү башталган. Айыгышкан тирешүү 1831-жылдын 21-октябрына чейин уланган.

*1899-жылдын 29-ноябрында швейцариялык Жоан Гампер  11 кишини бириктирип, “Барсенола”футболдук клубун түзөт. Ага Каталония провинциясынын борборунун атын ыйгарат. 1929-жылы өлкөнүн Улуттук Лигасы түптөлүп, “Барсенола” алгачкы чемпион болгон. Клубга биринчи сокку 1936-1939-жылдары урулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда бийликти алган Франко баштаган фашисттер “Барселона” “улутчулдар уюму” деп, президент Хосеп Суньолду өлтүрүп, клубдун үстүнөн өз билемдик саясатын уюштурушкан. Фашисттик диктатура орноп, Каталониянын тилине, туусуна тыюу салынып, клубга да аталган тилдеги атын өзгөртүү талабы коюлган. Бирок “Барселона” атын өзгөртпөй, англис тилине которуп кутулган. 1975-жылы франкисттердин доору бүткөн соң гана өз атын кайра алган.  “Барселона”-Испаниянын Жогорку Лигасында “өмүр бою” ойноп келаткан үч команданын (“Реал Мадрид”, “Атлетик Бильбао”) бири. Андан тышкары "Барса" – Европа сезонун бир да жолу коё бербеген жалгыз команда.

*1929-жылдын 29-ноябрында  Кыргыз жазмасын латын алфавитине өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Атайын уюштурулган жумушчу комиссиясы кыргыз жазуусун араб графикасынан латын алфавитине көчүрүү ишин бүткөрүп, анын натыйжасында жазма маданиятка латын тамгасы киргизилген.

*1932-жылы 29-ноябрда эки ирет Франциянын президенти болгон француз саясатчысы Жак Ширак Париж шаарында жарык дүйнөгө келген. Жаш кезинде коммунисттик идеяларга кызыгып, француз коммунисттеринин “Юманите” гезитин таркаткан учуру да болгон. Кийин оңчул партиялардын тарабына өткөн. 1977-жылдан 1995-жылга чейин Париждин шаар акими (мэри) болгон. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалаган. 

Ширак - өлкөнүн 22-президенти. 1995-жылдан 2007-жылга чейин Францияны бийлеген. Анын тушунда Франция голлизм саясатын кайра жандандырып, АКШдан өзүн кыйла оолак тутууга умтулган.

*КРнын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыктан каза тапкан. Расмий билдирүүлөргө ылайык, өкмөт башчы республиканын түштүк райондорун кыдыруу маалында, Жалал-Абад-Ош жолундагы Калинин колхозунун аймагында премьердин жеңил унаасы, жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Оор жаракат алган Н.Исанов эсине келе албай, кырсыктан 17 мүнөт өткөн соң каза тапкан.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан