Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан бүгүн, 17-майда кабарлашты.

Маалым болгондой, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Мээрим Тилекованын (1993-жылдын 3-сентябрында туулган) жашаган жери аныкталып, кармалды.

"Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан