Орусиялык атактуу блогер Михаил Литвин 30 миллион рубль үчүн модель Адель Вейгел менен 4 ай кыз-жигит болуп сүйлөштү. Бул тууралуу Литвин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтты.
Маалыматка ылайык, блогер менен моделдин ортосунда келишим болгон. Келишимдин максаты Адель Вейгелдин инстаграмдагы катталуучулардын санын 1 миллионго жеткирүү болчу. Модель бул үчүн блогерге 30 миллион рубль төлөп бермей болгон.
"Эч кандай сүйүү болгон эмес. Мунун баары сапаттуу, терең ойлонулган иш болду. Бул идея 4 ай мурда жаралган. Адель мага сунуш менен кайрылды. Бардык өбүшүүлөр сахналаштырылган. Мен келишимди аткардым, анын катталуучуларынын саны 1 миллиондон ашты, 30 миллион рубль эсебиме түштү", - деди Литвин.
Блогер менен моделдин сүйүүсүнө көпчүлүк ишенип, суктанышкан. Экөө Дубайга чейин барып эс алып келген.