Чүйдө карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды

Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя бүгүн, 1-июлда болжол менен саат 8:30да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон.

Билдирүүгө караганда, аялдамада турган 33 жаштагы келин эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан унааны тосуп отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле унаасын жол четине токтотуп, келинге асыла баштаган.

"Келин эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, унаанын астын тороп токтотуп, эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам "Тез жардам" келгенге чейин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан