"Мен келсем баарын даярдап коюшуптур". Бегимай Турусбекова кичи мекенинде концерт койду

Бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова кичи мекени болгон Казарман айылына концерт койду.

Ал айылдаштары, туугандары абдан жылуу тосуп алганын жана концерт мыкты деңгээлде өткөнүн айтты.

"Мен айылыма концерт коём деп пландаган эмесмин. Мен келсем аким, маданият үйүндөгүлөр уюштуруп, даярдап коюшуптур. Концерт аябай жакшы болду, коңшу айылдардан да көргөнү келишиптир. Жакында аким менен жолугушам.

Айылга келе жатканда эле көпүрөдөн туугандарым, аяштарым тосуп алышты. Буюрса, мындан дагы чоң концерт уюштурабыз", -дейт Турусбекова.

Ошондой эле ал жакында Бишкекке келерин жана чыгармачылыгын улантарын билдирди.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан