"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учса болорун билдирип, тизмесин жарыялады.
Казакстан
Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча каттамдарды "SCAT" авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. 15-июлдан тарта 3 каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).
Орусия
Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча каттамдарды "Аэрофлот" авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10-июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).
Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча учуулар "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.
Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча учуулар "Сибирь" авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.
Ички каттамдар:
Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча учуулар "Тез Жет" авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.