Эрбол Султанбаев: "13 жашар секелек кызды зордуктагандар учурда камакта"

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13 жашар кызды зордуктагандар февраль айында кармалгандыктарын Фейсбук баракчасына жазды.
Анда ал мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керектигин билдирген.
"13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта.
Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз. Бул акмактардын аракети эч кандай актоого же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек.
Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. Президент Садыр Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт", - деп жазган Султанбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан