Кримтөбөл Дөө Чыңгыздын абакта өлтүрүлүшү: Жазаларды аткаруу кызматы билдирүү таратты

Бишкектеги №21 мекемесинде Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан маалымат таратышты.

"Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги №21 мекемесинде Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылды.

Алдын ала маалыматка караганда, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөн. Шектүү күнөөнү толугу менен моюнуна алды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат", - дешти ЖАКтан.

Маалымат үчүн:

Чыңгыз Жумагулов 2019-жылы Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Июнь айында Биринчи Май райондук соту аны "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Ал 2021-жылы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.

2022-жылы Чыңгыз Жумагулов кайрадан кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Көп өтпөй социалдык тармактарда Чыңгыз Жумагулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өзү келди делген видео тараган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан