Тайванга болгон сапары дүйнөнү дүңгүрөткөн Нэнси Пелоси деген ким?

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытайдын эскертүүлөрүнө, өлкөлөр ортосундагы мамилелердин курчуп кетүү коркунучуна жана аралдын өзүндөгү нааразычылык акцияларына карабай Тайванга барды. Дүйнө 82 жаштагы саясатчынын өжөрлүгүнө таң берип жаткан кез.

Пелоси учурда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери. Ал бул кызматты 2007-жылдан 2011-жылга чейин ээлеген, 2019-жылы кайра спикер болгон жана анын ортосунда Конгресстин төмөнкү палатасынын Демократиялык азчылыгынын лидери болгон. Нэнси Пелоси АКШнын бийлик структурасында президент жана вице-президенттен кийинки үчүнчү адам деп аталат. Ал Америка тарыхында мындай жогорку кызматты ээлеген биринчи аял болуп калды.

Пелоси саясий карьерасын 1976-жылы баштаган, бирок чоң саясатка он жылдан кийин гана аралаша алган. Өкүлдөр палатасынын спикери катары карьерасынын башында Пелоси Ирактагы согушту токтотууга чакырган, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.

Нэнси Пелоси АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди менен

Нэнси бала кезинен бери саясатка аралашкан. Анын атасы Томми Д'Алезандро Балтимордун (Балтимор Мэриленд штатындагы ири шаар) биринчи түбү италиялык шаар мэри болуп үч жолу шайланган. Пелоси беш агасы менен атасынын үгүт иштеринде ага жардам беришчү. Балтимордо чоңойгон Нэнси үй-бүлөсүнүн жалгыз кызы жана эң кичүүсү болгон. 12 жашында Демократиялык партиянын биринчи съездине катышкан.

Нэнси 1963-жылы күйөөсү Пол Пелосиге турмушка чыккан. 1970-жылдын аягына чейин жубайлар беш балалуу болушкан - төрт кыз жана бир уул.

Нэнси Пелосинин күйөөсү Пол бизнес-магнат. Ал ири уюмдардын директорлор кеңешинде мүчө жана башка кирешелүү ишканалары бар, ошондой эле жогорку класстагы кыймылсыз мүлктөргө ээ.

Нэнси жолдошу менен бирге түтүн булатып келе жатканына 59 жылдын жүзү болду. Бул америкалык атактуулардын эң узакка созулган никелеринин бири. Төмөндө Нэнси Пелосинин үй-бүлөсүнүн - күйөөсү, балдары жана неберелеринин сүрөттөрүн көрүңүз.

Анын кыздарынын бири Кристина Демократиялык партиянын саясий стратеги, эң кичүүсү Александра журналист жана кинорежиссёр. Калган балдары коомчулукка анча белгилүү эмес. Пелосинин тогуз небереси бар.

2007-жылы Нэнси Пелоси АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери болуп шайланган биринчи аял болгон. "Мындай учурду биз 200 жылдан ашык убакыт күткөнбүз. Бирок аялдар жөн эле күтүшкөн жок. Аялдар талыкпай эмгектенишкен. Үмүтүбүздү эч качан үзбөй, Американын бардык аялдары менен эркектери бирдей жаратылган, бирдей укукка ээ деген нерсе үчүн иштедик", - деп Нэнси Өкүлдөр палатасынын спикери катары ачылыш сөзүндө айткан.
Пелоси Өкүлдөр палатасында турганда Ирактагы согушту тынымсыз сындап, Жорж Буштун администрациясын тынчтыкты орнотууга чакырган. Пелоси бул президент Буш менен жакшы мамиледе болгон эмес, ал тургай анын ишмердүүлүгүн иликтөөгө чакырган. Ал эми 2008-жылы Дональд Трамп Пелоси Бушка импичмент жарыяласа жакшы болмок деп айткан.
Кийинки президент Барак Обама менен Пелоси жакшыраак мамиле түздү. 2008-жылдагы каржы кризисинен кийин жаңы жумуш орундарын түзүү, жумушу бар жарандар үчүн салыктарды азайтуу иштери менен алектенген. Ал ошондой эле АКШнын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болгон "Obama Care" деп аталган саламаттыкты сактоо реформасын колдоого кошулган. Анын негизги максаты америкалыктардын медициналык камсыздандырууга жетүүсүн кеңейтүү жана аны жакшыртуу болгон. 2017-жылы Трамп бул реформаны жокко чыгарган.
Анын чоң жетишкендиктерине карабастан Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялаган адам катары көбүнүн эсинде калды. The New York Times гезити жазгандай, Трамптын Украинага жасаган кысымы белгилүү болгон күндөн тартып Пелоси өзүн толугу менен ушул ишке арнаган. Күнүгө бир-эки жолу президентти иликтеп жаткан комитеттердин жетекчилери менен жолугуп турчу.
Кошмо Штаттардын бүткүл тарыхында мамлекет башчысына импичмент жарыялоо процедурасы төрт жолу демилгеленген. Ал Эндрю Жонсонго (1868), Билл Клинтонго (1998-1999), Ричард Никсонго (1974) жана Трамптын өзүнө эки жолу (2019-2020). Трамп эки ирет тең акталып чыкканы менен баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка калган.

Нэнси Пелоси 2020-жылдын 4-февралында ошол кездеги президент Дональд Трамптын кайрылуусу жазылган кагазды айрып салган. Ал учурда Трамп өзү кызматка келгенден кийинки өлкөдөгү жетишкендиктер тууралуу элге кайрылуу жасап жаткан.

Андан мурдараак Трамп кайрылуусу жазылган документтин бир көчүрмөсүн берип жатып спикер айымдын сунган колун албай, учурашпай койгон.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытайдын нааразычылыгына карабай, шейшемби күнү кечинде Тайванга келди. Пелоси муну менен 25 жылда аралга келген эң жогорку даражалуу америкалык аткаминер болуп калды.
Пелоси бүгүн, 3-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин Тайванда болоору күтүлүүдө. Сапардын алкагында ал мейманканада маалымат жыйынын өткөрүп, Тайвандын администрациясынын башчысы Цай Инвэнь жана жергиликтүү саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушат. Тайванды эгемендүү мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Кытай 1979-жылдан бери аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан