Өзбекстандык балбан Ильяс Бекбулатов допинг-тестти бурмалаганы үчүн төрт жылга спорттон четтетилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өзбекстандык балбан допингге каршы эрежелердин 2.5-пунктун (“Допинг-контролдун кайсы бир бөлүгүн бурмалоо же жасалмалоо аракети”) бузгандыгы үчүн дисквалификацияланган. Дисквалификация 2022-жылдын 24-июлунан баштап эсептелет.
31 жаштагы Бекбулатов эркин күрөш боюнча 2017-жылы Европа жана 2020-жылы Азия чемпиону аталган. Ал мелдештерге 65 жана 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Бекбулатов Орусия курама командасында болуп, 2020-жылдан бери Өзбекстандын атынан чыгып келет.
2021-жылы апрель айында коңшу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин жарым финалында кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев дал ушул Ильяс Бекбулатовдун далысын жерге таза басып, Олимпиадага жолдомо уткан.