Коңшу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында старт алган "CAFA U-19 Championship 2022" эл аралык турниринин алгачкы беттешинде Кыргыз улуттук курама командасы Ооганстанды 1:0 эсебинде жеңип алды.
Беттештеги жалгыз голду 35-мүнөттө Иррахимбек Нурмат уулу киргизди. Ал алыскы аралыктан атаандаштын дарбазасына сокку узатып, кооз гол жаратты.
Муну менен Кыргыз улуттук курама командасы алгачкы 3 упайды алып, тайпада биринчи орунга чыкты.
Кыргыз улуттук курама командасы кийинки оюнун бүгүн, 6-августта Өзбекстанга каршы өткөрөт.
Тажикстанда өтүп жаткан "CAFA U-19 Championship 2022" турнирине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Ооганстан катышууда.