Казакстанда бир айдан бери апасы келбей койгон кыз бала бакчада каза болду

Нур-Султан шаарында уруксат берүүчү документтери жок 24 саат иштеп жаткан бала бакчада апасы таштап кеткен кыз каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, сот аялды кызына карата мындай мамилесинен улам ата-энелик укугунан ажыратуу жана алимент өндүрүү боюнча доо арызы боюнча жарандык ишти караган.

"Энеси бала бакчага акча төлөгөн эмес, кызына бир айдан ашык убакыт келген эмес. Ошентип апасы балдарды тарбиялоодон четтеп калган. 2022-жылдын апрель айында кыз бала бакчада жатып каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат. Баланын денесине көптөгөн жаракаттар келтирилген", - деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Мындан улам сот аялдын ата-энелик укугун чектеп, дагы бир кызын балдар үйүнө өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан