CAFA U-19: Кыргыз футболчулары Тажикстанга жеңилип калды

Коңшу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA U-19 Championship 2022" эл аралык турниринде Кыргызстандын жаштар курама командасы Тажикстанга каршы ойноп, 3:1 эсебинде жеңилип калды.

Кыргыз курамасынан жалгыз голду беттештин 71-мүнөтүндө Биймырза Жеңишбеков киргизди.

Муну менен Тажикстан 3 упай алып жалпы 6 упайы менен биринчи орунга чыкты. Ал эми Кыргыз курама командасы 4 упайы менен үчүнчү орунда келүүдө.

Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки беттешин эртең, 10-августта Иранга каршы өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан