Зордукталды делген 17 жаштагы кыз: Кыздын "Алтын Казынада" иштеп баштаганына 15 гана күн болгон

Эки эркек тарабынан зордукталды делген 17 жаштагы өспүрүмдүн жакындары кыз "Алтын Казына" ресторанына жумушка окуусу башталгыча эл менен аралашсын, бышсын деген максатта орношкондугун айтышты.

"Учурда кыздын жана апасынын абалы аябай начар. Баарыбыз тең өзүбүзгө келе албай жаман болуп жатабыз. Кыз өзү студент, буга чейин иштеген эмес. Жоош кыз болгондуктан "Алтын Казына" ресторанына жумушка окуусу башталгыча эл менен аралашсын, бышсын деген максатта кирген.

Иштегенине 15 күн болуптур, алмашуу болгону үчүн анын 10 күнүн иштеген. Анын 7 күнүн стажировка деп бекер иштетишкен. Аталган ресторандын шектүү эки администратору беш жылдан бери ал жакта иштешет экен, экспертизанын жыйынтыгы чыгып, күнөөлөрүн моюнуна алышты", - деп билдирди өзүн жабырлануучу кыздын эжесимин деп тааныштырган айым.

Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан