Зордукталды делген 17 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлүүдө

"Алтын Казына" ресторанынын эки кызматкери тарабынан зордукталды делген 17 жаштагы өспүрүмдүн жакындарына кысым көрсөтүүлөр болгон. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасына жазды.

"Maryotel мейманканасында зордукталган 17 жаштагы кыздын абалы оор. Кечээ кыздын үй-бүлөсүнө, окуяны чагылдырган блоггерлерге айыпталуучулар тарабынан кысым көрсөтүлдү. ММКлардагы жана социалдык тармактардагы ызы-чуулардан кийин тергөөчү алмашты. Иш Аламүдүн РИИБде тергелүүдө", - деп жазган Турдубекова.

Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.

Бүгүн, 9-август күнү аталган ресторандын кызматкери 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан