Экс-мушкер, “Удар” саясий партиясынын лидери Виталий Кличконун жубайы Наталья 26-апрелде Владимир Кличконун австралиялык Алекс Леапаи менен болчу беттешинин алдында Украинанын гимнин аткарат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде украиналык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы Наталья Кличко ырчы катары карьерасын 2 жыл мурун баштаган. Ал алгач Москвада Виталий Кличко менен германиялык Мануэль Чаррдын беттешинин алдында Женнифер Раштын “The Power of Love” деген аталыштагы ырын аткарып берген.
Кошумчалай кетсек, Леапаи менен Кличконун ортосундагы беттеш 26-апрелде Германияда өтөт. Анда Владимир Кличко супер оор салмакта WBO (Дүйнөлүк бокс уюму) версиясы боюнча чемпиондук наамын коргоо аракетин көрөт.