Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасынын май айына чейин кабыл алынышы пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде “Дордой” базарынын ишкерлери менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв билдирди.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 12-апрелде “Дордой”, “Мадина”, “Кара-Суу” базарларынын ишкерлери Бажы союзуна кирүү көйгөйүн өкмөт мүчөлөрү менен талкуулап жатышат. Ага Кыргызстандын рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв, Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак кооперативдеринин жана башка ишкерлердин профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөлөталиева, премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов жана экономика министринин орун басары Данил Ибраев катышары маалымдалган.