Кочкор районунда белгисиз “кан соргуч” пайда болгону айтылууда

Кочкор районунда белгисиз “кан соргуч” пайда болгону айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Кубан Бердибеков бүгүн, 10-июнда билдирди.

“6-июнь күнү эртең менен короого барсам, 4 коюм сулап жатыптыр. Карасам төртөөнүн тең колтук жагында тешик бар экен. Ошол жерден белгисиз жандык койлордун канын соруп кетиптир. Жерде эч кандай кан жок экен. 10 жылдан бери эле мал багып келе жатам, бирок мындайды эч качан көргөн эмесмин. Теңдик айылында итке окшогон бир жандык атылыптыр деп жатышат. Бирок ал кандай экенин көрө элекмин”,- деди Кубан Бердибеков.

Интернет колдонуучусу Каниет Жыргалбеков дагы өзүнүн баракчасына бул тууралуу жазган. Анда Кочкор районунда белгисиз жандык тургундардын койлорун кырып, жаш балдарга кол салып баштаганы айтылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
Clara_Zh
2014-06-11 11:36:22
Чүйгө АКШ эксперимент катары чупакабра аттуу кан соргуч жаныбарды таштап кетишиптир деп уккан жайым бар эле былтыр ушул маалда. Чын-төгүнүн билбейт экенмин, бирок шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт деп коёт го.
+1
eka98
2014-06-11 20:12:13
менин угушумча кытайлар каробка менен мурзоого таштап кеткенин бироо коруптур. Бул типа кыргыздарды кырсын деген мааниде ташталган экен. Мен лично ишенген жокмун буга.
0
abdumator
2014-06-11 20:19:59
Бул башка планеталардан келген Жаман (злой) инопланетяндардын иттери. Атайын адамдарды коркутуш үчүн жерге түшүрүлөт. Ошондуктан эч коркпош керек. Адамдын эрки күчтүү. Алардын алы келбейт. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-06-12 11:34:48
abdumator - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
0
Nazmi0605
2014-06-11 23:45:39
Чупакабра экен бул
жандык
0
Sharos
2014-06-12 01:06:55
Эу бул чупакабра эмес шакал, чоо дагы эмес, силер муну азырынча билбейсинер и билбеген боюнча калгылачы э, эу уктунарбы!
0
Biinura
2014-06-12 02:58:34
Айбан-вампир экен да ээ? Мен жайлоого кымыз ичкени барам деп аткам. Коркуп калдым.
0
admin_portal
2014-06-12 11:30:36
benera - 30 күнгө БАН!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
dongolok
2014-06-12 12:05:32
суроттогу жаныбар чупакабра эч окшошпойт ко,, менимче койлордун канын соргондор-вампирлер болушу керек!!! эдварддарга окшогон, жаныбарлардын канын соргон
0
eraly
2014-06-12 16:41:05
http://ianimal.ru/topics/pyatnistaya-giena
Мен гиенага окшоттум.

http://www.stihi.ru/2005/11/20-543 мында шакал (чоо) менен гиена

0
nazgul2011
2014-06-13 09:40:22
Чупака́бра (исп. chupacabras от chupar — «сосать» и cabra — «коза», дословно — «сосущий коз», «козий вампир») — неизвестное науке существо, персонаж городской легенды. Согласно легенде, чупакабра убивает животных (преимущественно коз) и высасывает у них кровь. Чупакабра часто становится героем художественных фильмов, сериалов и мультфильмов.

Достоверных сведений о существовании чупакабры нет, тем не менее, СМИ периодически распространяют свидетельства очевидцев, якобы видевших чупак
0
Kazya
2014-06-13 15:47:20
Былтыр биздин да айылдан 20дай кой козуну белгисиз жандык кырып кеткен.
Менин оюм боюнча ошол чупакабра болушу ыктымал.
Бул окуя тууралуу кийинчерээк кенен жазып берем...
Азыр убактым жок болуп калды.
Нарын обл. Нарын району Мин-Булак айылы.
Алаев Казыбек Токтосунович.
0
AmanKim
2014-06-14 13:08:59
Кочкор районунда чыккан "чупакабра" аталыштагы булгисиз жандык - бул ит эле. Ар кайсы маалымат каражаттары интернеттен ар кайсы сүрөттөрдү алып, коюп салып жатышат. Эгерде бир башкача жандык болсо, төрт күндөн бери чыкпайт беле? Кочкорду түрө кыдырып, чупакабра мүрзөдө жашайт деген маалыматтар менен мүрзөлөрдү кыдырып чыгышты. Жада калса чупакабра барат деген жерлерге капкан да салынды. Ал эми белгиси
0
AmanKim
2014-06-14 13:11:54
ал эми Кочкордогу белгисиз жаныбарды кармоо максатында жүргүзүлгөн иште жалаң гана иттер атылды. Чупакабра келиптир деген маалыматты Кочкор районунун бир айыл өкмөтү жөн эле айтып койгон дешет. Антпесе, биз барып сураштырганда бирөө жарын "көрдүм, ал мындай же тигиндей экен" деп айтмак да. Кочкордо мен билем дегендерден барып сурасаң баланчадан, түкүнчөдөн уктум дегендер. Ал эми даана к
0
AmanKim
2014-06-14 13:13:06
Буга чейин эч качан болуп көрбөгөн жандык эми кайдан чыга калсын десең. Анысы аз келгенсип ЖКда да талкуулап алышыптыр.
0
AmanKim
2014-06-14 13:17:24
Ошол талкуу болуп жаткан Чупакабраны кармайбыз деп Кочкор району боюнча 60тан ашык жапайы ит алытды. Ал эми райондук кызматкерлердин берген маалыматы боюнча 400дөн ашык жапайы ит бар. Алар мүрзөлөрдү уялап,ошол жерген тууп, көбөйүп кетишкен. Эгер чупакабра бар болгон болсо буга чейин эле келбейби. ИИ баса жогоруда "20 күндөн бери" деп жазылыптыр, ал андай эмес. Бул окуянын катталганына 6-7 күн болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан