Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара башкы башкармалыгынын аскер кызматкерлери эл аралык нормаларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине ок атууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Алынган маалыматка ылайык, “Тамдык” чек ара постунда тажик чек арачылары топ куралдарды жана миномётторду колдонушууда. Мындай аракеттери менен тажик чек арачылары эки мамлекеттин ортосунда жана көп тараптуу келишим нормаларын бузуп жатышат.
Ошондой эле кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы куралдуу чыр-чатактын "Тамдык" участкасында орун алып жатканы тажик тараптын укукка жат аракеттери болуп саналат.
Эске салсак, бүгүн, 10-июль күнү тажик жарандары мыйзамсыз аракеттери менен чек араны бузууга аракет кылып, кыргыз аскерлери тарапка ок ата баштаган.