Орусиянын аймагында мыйзамдуу эмгектенүүгө же жумушка орношууга убактылуу уруксат берүүчү визаны алууну каалаган мигранттар 2014-жылдын 1-сентябрынан тарта сынак тапшырышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аталган экзамен бирдиктүү мамлекеттик экзамен (ЕГЭ) сыяктуу тапшырылат. Ал 4 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктөгү суроолор тил билүүнүн деңгээлин аныктоого багытталган болсо, экинчисинде Орусиянын тарыхына арналган суроолор болот. Ал эми үчүнчү бөлүктө Орусиянын конституциялык түзүлүшүнө арналган суроолор орун алса, төртүнчүсүндө Орусиянын мыйзамында каралган укуктар жана милдеттер боюнча суроолор даярдалган.
Мигранттар үчүн экзамен окуу жайларда өтөт. Тестирлөөнүн жүрүшү диктофонго жазылат. Үч жылдын ичинде бул долбоордун ишке ашырылышына бюджеттен болжол менен 20 миллион рубль иштетилмекчи.