Орусиянын Москва шаарындагы метро кырсыгынан көз жумган кыргызстандык Мээрим Арунованын туугандарына компенсация төлөнүүгө тиешелүү документтер даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, М.Арунованын энеси К.Исакова өзүнүн эжеси менен Москвага келип, Орусиянын Тергөө башкармалыгына кайрылган. Мээрим Арунованын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүп, жерге коюуга уруксат берилген. 18-июлда К.Исакова элчиликтин өкүлү менен Москванын Социалдык коргоо департаментине компенсация алуу боюнча барып, канааттандырарлык жоопко ээ болушкан. Учурда элчиликтин кызматкерлери тиешелүү документтерди даярдоодо.
Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ден, жаракат алгандардын саны 140тан ашканы жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар экени айтылган. Ошол күнү окуя болгон жерге барган Москва шаарынын мэри Сергей Собянин курман болгондордун жакындарына 1 миллион рублден, ал эми жаракат алгандарга 500 миң рублден компенсация төлөнөрүн билдирген.