Шахида Аманбаеванын апасы
Нургүл Аманбаева бүгүн, 25-июлда
SUPER.KG порталына "кызымды жабырлануучу тараптын кызы ур-токмокко алыптыр" деп билдирди.
"Шахида дүкөндөн келе жатканда, каза болгон кыздын Шам аттуу сиңдиси жолун тосуп, ар кайсы жаман сөздөрдү айтып уруш чыгарган. Кийин анын чачынан жулуп баштаганда Шахида да коргонууга аргасыз болуптур. Аларды жолдон өтүп бара жаткан чоочун аял ажыратыптыр. Шахида үйгө келери менен "Тез жардам" чакыртып, Токмок шаардык ооруканасына алып бардык. Ал азыр травматология бөлүмүндө жатат.
Бул боюнча милицияга арыз жазган элек. Тиги Шам аттуу кыз да "Шахида мени сабады" деп арыз жазып, Чүй облустук ооруканасына жатып алыптыр. Шахида менен Шам урушканда ажыраткан аял күбө болуп бере ала тургандыгын билдирди. Ал жерде урушту менин кызым баштаган эмес",- деди Нургүл Аманбаева.
Айта кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектелип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев кармалышкан. Шахида Аманбаева "адам өлтүрүү фактыны жаап-жашырган" деген айып менен кармалып, камакка алынган.
29-майда облустук сот Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыраткан. Бирок абакта 3 жылдан ашуун отургандыктан, ал "жаза мөөнөтү бүткөн" деп сот залынан бошотулган.