“Мигранттын “мага керектүү шарттарды түзүп берсеңер гана келем” деген талабы туура эмес” дейт Эльвира Сариева

Бүгүн, 26-июлда “Мекендештер-2014” форумунда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Мигранттар “мамлекет бизге шарттарды түзүп бериш керек” деген талабы туура эмес”,- деп билдирди.

Анын айтымында, мигрант мекенине салым кошом десе, ал өз ыктыяры менен кандайдыр бир кыйынчылыктардан өтүшү керек. “Чет өлкөдө жогорку медициналык билим алган мекендешибиз “Кыргызстандагы ооруканаларда заманбап жабдуулар болгондо мен келип иштемекмин” дейт. Ал түшүнүш керек, Кыргызстан тез эле өзгөрүп, өнүгүп кете албайт”,- деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары ал белгилүү кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков боюнча айта кетти. “А.Сыдыков эч кандай уюмга кирбейт. Бирок буга карабастан, анын салымы чоң. Жыл сайын ал мекенине келип мастер-класстарды өткөрүп жүрөт”,- деп кошумчалады Э.Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан