Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Буга чейин айтылгандай көпүрөнү куруу 3 этапка бөлүнүп, 1-этабында жер алдынан суу түтүктөрүн өткөрүү жана башка жумуштар аткарылат. Курулуштун 1-этабын 3 айда бүтүрүү пландалган. Азыркы тапта диаметри 219 миллиметр болгон суу түтүктөрү жана диаметри 400 миллиметрге барабар канализация орнотулууда. Бул тууралуу 29-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.