Бүгүн, 30-июлда интернет айдыңында Карышкыр деген каймана ат менен белгилүү
Мурсалим Умырзаковдун сурак берип жаткан учуру чагылдырылган видео чыкты. Анда ал өзүнүн статусу жөнүндө жана башка кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен болгон мамилеси боюнча айтып берген.
Сурак берүүдө М.Умырзаков 1975-жылдын 6-апрелинде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Тологой айылында туулганын айткан. Мындан тышкары 2013-жылы Чеченстандын Грозный шаарында ага Шамиль, Ислам, Азиз жана дагы бир адам "мыйзамдагы ууру" статусун беришип, аны Кыргызстандын "смотрящийи" кылып дайындашканын билдирген.
"Камчы Көлбаев менен эч кандай ишим жок. Мен аны 2002-жылдан бери "мыйзамдагы ууру" катары эмес, жөн эле Көлбаев катары тааныйм",- деп жооп берген видеодо.
Айта кетсек, буга чейин Мурсалым Умырзаков 2013-жылдын 15-ноябрында Орусиядан Бишкекке
алынып келингени боюнча
SUPER.KG порталында маалымат чыккан.