Ош шаарында 3 жашар кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 1-август күнү саат 18:30 чамасында Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанынан агып өтүүчү Увам каналына 2011-жылы туулган Фатима Бегалиева агып кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, бүгүн эртең менен агып кеткен кыздын жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.