Бүгүн, 5-августта Бишкекте Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Акыркы сапарга узатууга ЖКнын депутаттары Курманбек Осмонов, Каныбек Иманалиев, Аскар Акаев менен бирге иштеген мамлекеттик ишмерлер, авиация кызматкерлеринин профсоюздар кеңешинин өкүлдөрү, жергиликтүү эл жана маркумдун жакын туугандары катышышты. Коштошуу зыйнатына Орусиядан Аскар Акаевдин уулу Илим Акаев келди. Илим Акаев маркумду эскерип: "Андан ар дайым позитивдүү энергия чыгып турчу. Биз аны жоктоп кала беребиз. Адамдардын жүрөгүндө ал жакшы киши бойдон кала алды",- деди.
Экс-президент Аскар Акаевдин коопсуздук маселесинен улам агасынын тажиясына келе албаганы белгилүү болду. Илим атасы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Ал эми экс-спикер Абдыганы Эркебаев Аскар Акаевдин келе албай калганы кыйын жагдай экенин айтып: “Болот Акаевич баарынан мурда жакшы инсан болчу. Биз дагы бир жакшы адамдан айрылдык. Ал жөнөкөй, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган инсан эле. Ал эми ушул кырдаалда Аскар Акаевичтин агасынын тажиясына келбей калганы өкүнүчтүү. Адамдын башына мындай иш салбасын, өзүнүн тууганына келип топурак сала албаса, бул кыйын жагдай. Мамлекет келүүсүнө шарт түзүп койсо дурус болмок, ал эми кылган иши боюнча кийин жооп бермек да”,- деди.
Болот Акаев 3-август күнү 81 жашында көз жумган. Ал Кыргыз авиакызматкерлеринин профсоюзунун ардактуу төрагасы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасынын ээси болгон. Мындан тышкары ондогон сыйлыктарга көрсөтүлгөн. 1970-жылы В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата талыкпас эмгеги үчүн мааракелик медалга татыктуу болгон. 1972-жылы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Ардак грамотасын алган.