"Курманжан датка" тасмасынын жаратуучулары: режиссёр Садык Шер-Нияз, актриса Элина Абай кызы жана башкалардан куралган делегаттар 13-августта Канаданын Монреаль шаарында өтчү бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга сапар алышты. Бул тууралуу тасманын менеджери Чолпон Идирисова SUPER.KG порталына билдирди.
“Курманжан датка” тарыхый тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөрүлүүчү кинофестивалга чакыруу алган. Ал фестивалда “Фокус – дүйнөлүк кино” категориясында көрсөтүлөт. Монреаль кинофестивалы 21-августтан 1-сентябрга чейин Канадада өткөрүлөт.
Фильмди композиторлор Мурзали Жээнбаев менен Бакыт Алишеровдун музыкалары коштойт.
Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Анын бюджети 70 миллион сомду түзгөн. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Курманжан датканын ролун Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы, Алымбек датканы актёр Азиз Мурадиллаев ойнойт. Тасманын бет ачары 31-августта болот.