Ош облустук ички иштер башкармалыгына Өзгөн районунун тургуну кайрылып, паспорт берүү бөлүмүндөгү коррупциялык схемалар жөнүндө айткан. Текшерүү учурунда паспорт-визалык тейлөө кызматынын кызматкери милицияга кайрылган жарандан 3000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу 15-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга арыз жазган жаран бир нече айдан бери паспорт алуу үчүн паспорт-визалык тейлөө кызматына барган. Андан акча талап кылышканда укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.