“Камчыбек Ташиев кримчөйрө өкүлү Женгодон да коркунучтуубу?” деди Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" фракциясынын жыйыны уланууда. Өмүрбек Текебаев прокуратура өкүлдөрүнө “Өткөн жылы Женго деген каймана атка ээ Кадырбек Досонов деген кримчөйрө өкүлү Казакстандан кармалып, Ошко алынып келинген. Бирок учурда эмнеге абакта эмес?” деген суроо берди. Прокуратура өкүлү “Женго оор кылмыштарга шектелип кармалган. Судья ушундай чечим чыгарган” деген жооп узатты.

Мындан кийин Текебаев: “Шайлоого катышуу үчүн алып келдиңерби? Оштун эли "Досоновду шаар мэрин шайлоо үчүн алып келди" деп жатат. Сиздер судьяларга чара көрүшүңүздөр керек. ММКлар мактап, Манаска теңеп, ЖК депутаттары баш болуп мактаган материалдар чыгып жатат. Алар менен байланышы болсо, гезит редакторун кошуп түрмөгө отургузушубуз керек. Ташиевди чыгарып жиберген сот эмне болду? Үйүнө чейин кубалап барып, эмне кылды билбейм. Ташиевди актабайм, бирок Ташиев Женгодон коркунучтуубу? Андай кылмышкерлерди сыртта калтырбаш керек”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан