Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин нотасына ылайык, өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын 1-январынан тарта КМШ мамлекеттеринин (Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген мамлекеттерден тышкары) жарандарына Орусия жалпы жарандык паспорт менен гана кирип-чыгуу режимине өтө турганын эскертет. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматта “Калкты жана жарандык абалды каттоо департаменти калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Өлкөнүн паспорт берүүчү мекемелери 2015-жылдан баштап Орусиянын аймагына кирерде жалпы жарандык паспортту көргөзүү керектигин эскертишүүдө” деп айтылат.
Орусияга кирүүдө 16 жашка чейинкилер да жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө милдеттендирилет.