Эмгек кодексине ылайык, 31-август- Эгемендүүлүк күнү жумуш күнү катары эсептелинбейт. Бул майрам жумуш күнүнө туш келгенине байланыштуу дем алыш күнү катардагы жумуш күнү менен алмаштырылат. Эгемендүүлүк майрамы дем алыш күнүнө туш келгенине байланыштуу 1-сентябрь күнү мамлекеттик мекемелер, ишканалардын кызматкерлери жумушка чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Ал эми 1-сентябрь Билим күнү катары белгиленип келгендиктен, бул күн да жумуш күнү катары эсептелинбейт. Андыктан министрлик аптасына 5 күн иштеген мекеме-ишканалардын дем алыш күнүн 1-сентябрдан 5-сентябрга жылдырууну сунуштоодо. Ошондой эле аптасына 6 күн иштеп, 1 күн эс алган мекемелердин 1-сентябрдагы дем алыш күнүн 6-сентябрга которууну кароодо.