Буга чейин интернет тармактарына видео тараган. Анда Сүйүнбаев көчөсүндө унаанын жолдо токтоп турганы жана суусундук көтөргөн бир айымдын унаага түшүп кеткени көрсөтүлгөн.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматына кайрылганыбызда унаанын айдоочусу 33 жаштагы Айида Дөөлөтбакова болгонун жана ага жол эрежесин одоно бузганы боюнча 5000 сом айып пул салынганын билдирди.
Бул боюнча Самат Дөөлөтбаков менен байланышканыбызда жубайы рулда отурганын, суусундук көтөргөн айым жанында жүргөн кыз экенин SUPER.KG порталына ырастады.
Ал эми окуя боюнча Самат мырзанын жубайы видеокайрылуу жасады.