Июнь айында Айгерим Расул кызына сөйкө салып кетишкенден кийин "Августтун аягында чоң той-концерт беребиз, ошондо эл алдында кыз узатуу каадасы менен турмушка чыгайын деп жатам. Анткени буга чейин мен жөнүндө түрдүү жомоктор айтылып келген. Ошолорго биротоло чекит коюп, менин тоюма, жакшылыгыма эл күбө болсун деп ушундай чечимге келдик" деген эле. Ырчы бүгүн, 31-августта элге той-концертин тартуулады.
Алгач улуттук кийим кийген кыргыз кыздары менен жеңелердин курчоосунда келген ырчы "Кызыл өрүк" аттуу ырды аткарды. Андан соң казак ырчысы Бахытжан Муханов менен Айгерим "Мен кыргызмын" аталышындагы ырды эки тилде ырдашты. Сахналаштырылган кыз узатуу саамалыгы тигилген боз үй, жоолук таштамай сыяктуу улуттук оюндарды ойногон жаштар менен өзгөчөлөндү. Той-концертте ырчы ар тараптуу талант экенин көрсөтүп, индия бийин бийледи.
Жеңелер Кара-Кулжанын кулуну, Расул Маматкуловдун күйөө баласы Азаматты элге жүгүнтүп, аркан тосуу салтын да аткарышты. Жеңелердин бири "кудагыйыбыз жандуу ырдайт" дегенин далилдеп Азаматтын апасы обон созду. Расул Маматкулов тайгак жолдо кызынын бели бекем болсун деп Айгеримдин белине ак жоолук байлап, "Кызыма" аттуу ырды аткарды. "Кызымды силерге тапшырдым, мен Азаматты уул кылып алам" деген ырчы көпчүлүктү жашытты. Айгерим да көзүнө жаш алып, тизе бүгө ата-энесине ыраазычылыгын билдирди.
Ырчы-бийчи коштогон концертте актрисалар Гүлмира Турсунбаева менен Айнура Турганбаева (Сакиш) жеңелердин ролун аткарышты. Алып баруучулук милдет Айбек Асанбеков менен Манас Алыкуловго жүктөлдү. Алар жеңелер менен стадиондун ортосуна тигилген боз үйдөн ырчыларды чакырып, куйкум тамашалары менен элге жагымдуу маанай тартуулашты. Расул Маматкулов кызын узатып жатканына кубанган ырчылар Райхан Абдувалиева, Айчүрөк Иманалиева, Роза Аманова, Съездбек Искеналиев, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Гүланда, иниси Руслан Маматкуловдор ыр сунушту.
Бул тууралуу видеорепортажды эртең SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.