Чаткалда изделип жаткан жарандын денеси табылды

Чаткалда изделип жаткан жарандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 18-август күнү Чаткал районунун Ак-Таш капчыгайында Ауди 80 үлгүсүндөгү унаа 20-30 метр бийиктиктен кулап, Чаткал дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде Курулуш айылынын тургундары: 1989-жылы туулган Нурдин Кочкоров жана 1986-жылы туулган Байыш Эралиев болгон. 25-август күнү Нурдин Кочкоровдун жансыз денеси Чаткал дарыясынын жээгинен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми кечээ, 31-август күнү Байыш Эралиевдин жансыз денеси Чаткал дарыясынын жээгинен табылды.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан