Шаардык сот америкалык Мекрей Брендондун арызын четке какты

Бишкек шаардык соту АКШнын жараны Мекрей Брендондун Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызын четке какты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.

Маалыматта “29-августта Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2014-жылдын 29-майындагы АКШнын жараны Мекрей Брендонго карата өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Ал эми жактоочу Э.Абылкасымовдун Брендондун кызыкчылыгын коргоо боюнча апелляциялык даттануусу канааттандырылган жок” деп айтылат.  

Эскерте кетсек, 8-март күнү Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын 29 жаштагы кызматкери Макрей Брендон Корнелиус мас абалында Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuru95kg
2014-09-01 16:50:04
кыргызстанда ошенттиби, Таан гору шашпа биро сени эненди окутат баарибир
+1
Ganibal87
2014-09-01 17:10:13
Камагыла еч кандай вариянтарын карабай закон буздубу камаш керек биз АКШда ошентейличи эмне болоор екен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан