Бишкектеги кафелердин биринде чыр салган жаран кармалды

31-август күнү мас болуп алып Бишкектеги кафелердин биринде чыр салган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 31-август күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда "Ош базарынын" айланасындагы кафелердин биринде мас абалындагы адамдын чыр салып жатканы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда, аталган жаран аларга баш ийбей каршылык көрсөткөн.

Учурда коомдук тартипти бузган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан