Бүгүн өлкө башчы Коргоо министрлигинин офицерлерине жаңы курулган батирлердин ачкычтарын тапшырат

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин офицерлерине жаңы курулган батирлердин ачкычтарын тапшырат. 
Бишкектин Жал кичи районунда курулган 9 кабаттуу эки үйдүн ачкычтарын тапшыруу салтанатына Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, КРнын Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев, ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина жана министрликтин өкүлдөрү катышат. 
Айта кетсек, 2011-жылдын 24-апрелинде Кытай менен Кыргызстандын Коргоо министрликтери көп кабаттуу үй куруу боюнча долбоорго кол коюшкан. Жалпысынан 108 батир берилет. Офицерлерди 12 адамдан турган атайын комиссия тандап алган. Көп балалуу жана аскердик жетишкендиктерине карап батир берүү чечими кабыл алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан