Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин офицерлерине жаңы курулган батирлердин ачкычтарын тапшырат. Салтанатта өлкө башчы "жаңы президент келгенге чейин аскерлер турак үй менен камсыздалсын деген тилегим бар" деди.
Ал эгемендүүлүк жылдарында аскерлерге жетиштүү көңүл бурулбай келгенин, акыркы жылдары бул багытта конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Ушул жылдын башында Башкы штаб түзүлгөн. Орусиянын жардамы менен Коргоо министрлиги керектүү техника менен камсыздалып жатат. Бүгүнкү күнү республика боюнча аскер кызматкерлерине бир топ турак үй курулууда.
2017-жылы жаңы президент шайланганга чейин аскерлердин 70-80 пайызы батир менен камсыздалсын деген тилегим бар. "Өзүнүн армиясын бага албаган эл башканын армиясын багат" деген сөз бар эмеспи. Ошондуктан аскерлерге ар дайым колдоо көрсөтүп турушубуз керек",- деди президент.