Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин офицерлерине жаңы курулган батирлердин ачкычтарын тапшырат. Салтанатта өлкө башчы Бишкектин Жал кичи районунда аскер кызматкерлерине курулган үйлөрдүн короосуна үч селкинчекти орнотууну буюрду.
"Балдар талашып кетпеш үчүн дагы 3 селкинчек тургузуш керек деп ойлойм. Буга өзүм акча каражат бөлүп берейин. Селкинчектерди орнотуу иштерин көзөмөлдөөнү Башкы штабга жана президенттик аппаратка тапшырам",- деди ал.
Айта кетсек, 2011-жылдын 24-апрелинде Кытай менен Кыргызстандын Коргоо министрликтери көп кабаттуу үй куруу боюнча долбоорго кол коюшкан. Жалпысынан 108 батир берилет. Офицерлерди 12 адамдан турган атайын комиссия тандап алган. Көп балалуу жана аскердик жетишкендиктерине карап батир берүү чечими кабыл алынган.