"11 500 сомго сатылды" делип, изделип жаткан ымыркайды белгисиз адамдар Бишкектеги 3-төрөт үйүнө таштап кетишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-сентябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, ымыркайдын абалы жакшы. Ал Бишкектеги №3-балдар ооруканасында. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, буга чейин жеке акушер-гинеколог тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркай 11 500 сомго сатылып, табылбай жатканы айтылган эле.