Жалал-Абадда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата алыш күрөшү боюнча мелдеш өттү (фоторепортаж)

Кечээ, 19-сентябрда Жалал-Абад шаарында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата “Спорт кылмыштуулукка каршы” ураанынын астында алыш күрөшү боюнча өткөн мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруу тобунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмыштуулуктун алдын алуу, өздүк курамдын милиция кызматкерлеринин күжүрмөндүүлүк даярдыгын жогорулатуу, кайраттуулукка, тайманбастыкка, ынтымакты чыңдоого багытталган мелдеште өлкөнүн бардык аймактарынан командалар келди. Жалпысынан “Динамо” командаларынан 12  командадан 100дөн ашык спортчу чогулуп, 6 салмактык бөлүктө (60 килограмм, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг жана 100 килограммдан жогорку салмак) кармаш өткөрүштү.

Натыйжада жалпы командалык эсепте Жалал-Абад ОИИБинин балбандары 1-орунду багындырышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG_Beka_KG
2014-09-20 13:40:08
А тузук тузук.
0
Danel
2014-09-20 14:02:45
Алыш курошу акыркы убакта ото куч алды,бул эн жакшы корунуш!
+2
Ganibal87
2014-09-20 15:51:13
Молодцы алга
+1
nurkasym-2014
2014-09-21 11:33:08
Жалал-Абаддын башкы милиционери жакшы иштеп атат окшойт.
0
Мэри
2014-09-22 17:34:03
Ушундай иш-чараларга стадион толо эл келип турса, бул жактан эле көңүлүң толот экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан