Мушкер Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде кезектеги жеңишине жетишти

20-сентябрга караган түнү АКШда жашап, машыгып жүргөн кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев 70 килограмм салмактык бөлүктө профессионалдар арасында кезектеги беттешин өткөрүп, жеңишке жетишти. Бул тууралуу мушкердин жакындары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Урматтын бул жолку атаандашы Малик Базил аттуу мушкер болду. Лос-Анжелес шаарында өткөн беттеш 6 раундга созулуп, Урмат упайлардын эсебинен жеңишке жетишти. Кошумчалай кетсек, Урмат профессионалдык рингде ушуну менен төртүнчү ирет беттеш өткөрүп, үчүнчү ирет жеңишке жетишти. Анын эсебинде 1 тең чыгуу бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chikus93
2014-09-20 18:10:49
Азамат!!!
+1
Dadasdasd
2014-09-20 21:15:08
Азамат Кыргызстан алга!
+2
bmv.x6
2014-09-21 02:47:09
Молодец!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан