Талас районунун Көк-Кашат айылында убада кылынган мектеп быйыл да бүтпөй калды. Мындан улам мектептеги 400гө жакын бала бош имараттарда окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда аталган айылдын тургуну SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 1952-жылы курулган мектеп 2005-жылы эле жарактан чыккан. Бирок буга карабай ушул кезге чейин аталган мектеп имараты пайдаланылып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы окуу жылында имаратты пайдаланууга тыюу салган. Мындан улам мектеп окуучулары айылдык китепканада, дүкөндө, спортзалда окууга аргасыз болушкан.
“Эки кабаттуу мектептин курулушу 2012-жылы эле башталган. Бирок эмнегедир ушул кезге чейин бүтпөй келет. Ноябрга чейин мектептин бир блогун бүтүрөбүз деп жатышат. Кышка чейин бүтүп калса жакшы болмок. Балдарыбыз чилдей тарап, ар жакта окуп жатышат”,- деди атын атагысы келбеген айыл тургуну.