Жылнаама, 1-октябрь: Мындан 87 жыл мурун хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев туулган

* Мындан 87 жыл мурун, 1927-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, КРнын Улуттук хирургиялык борборунун директору Мамбет Мамакеев Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
 
* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи жолку жаңжалдуу жалдама киши өлтүрүү аракети катталган. Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Тянь-Шань" ресторанына гранатомёт атылып, жарылуудан Жигули автомашинасында отурган эки аял жаракат алышкан.
* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы бразилиялык белгилүү футболчу Пеле "Космос", "Сантос" клубдарынын жолдоштук оюну менен карьерасын жыйынтыктаган. Коштошуу оюнунун бир таймын акыркы клубу нью-йорктук “Космостун” курамында, экинчи таймды өзүнүн карьерасы башталган “Сантос” клубунда өткөргөн. Пеле 1958-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Бразилияны чемпиондукка жеткирген, кийин футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун 3 ирет уткан тарыхтагы жалгыз футболчуга айланган.
* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн XXIV Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында футбол боюнча СССР курама командасы бразилиялыктарды 2:1 эсебинде жеңип, Олимпиада чемпиону аталган.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Эл аралык космостук станцияга турист катары америкалык ишкер Грегори Олсен барып, 10-октябрда Жер планетасына келип конгон. Алгач ал медициналык көзөмөлдөн өтпөй калган, бирок кийинчерээк доктурлардын уруксаты менен баары бир кыялын орундаткан.
1-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан