Жылнаама, 31-октябрь: Мындан 3 жыл мурун БУУ жер жүзүндөгү адамдардын саны 7 миллиардга жеткенин жарыялаган

* Мындан 229 жыл мурун, 1785-жылы XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул Ысык-Көлдүн күнгөйүнүн Кара-Ой деген жеринде Бай аттуу адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Акын айткандарын жалпы жонунан "Акыр заман" деп атаган. Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын. Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Акын өлөрүнөн бир күн мурун алыска жол тартып баратып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, "менин сөөгүмдү ушул жерге койгула" деген керээзин айткан экен. Ошонун эртеси Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээз боюнча сөөк Кара-Ойго коюлган.
 
* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы индиялык саясий ишмер Индира Гандини 66 жашында Нью-Делиде өзүнүн жан сакчысы атып өлтүргөн. Индира Гандинин өлүмүнөн кийин уулу Раджив анын жолун улап саясатка аралашкан. Бирок 1991-жылы ал дагы киши колдуу болуп көз жумган. Экөөнүн баштаган ишин келини Соня Ганди улантып, ал 2004-жылы парламентке депутат болуп шайланган. 
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы БУУ жер жүзүндөгү адамдардын саны 7 миллиардга жеткенин жарыялаган. БУУнун маалыматы боюнча, Жердин жети миллиардынчы жашоочусу филиппиндик Даница Мей Камачо аттуу кыз болгон. Уюмдун кызматкерлери төрөт үйүнө барып, Даницанын ата-энесин жана ымыркайды куттукташып, бактылуу ымыркайга келечекте ЖОЖдо билим алышы үчүн атайын стипендия жана грант тапшырышкан.
31-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан