Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган кече өтүүдө. Иш-чара алгач Т.Турсунбаеванын эстелигинин астында орун алып, ага арналып ыр окулуп, гүл коюлду. Эскерүү кечесине театр артисттери, маданият кызматкерлери, актрисанын чыгармачылыгын баалаган адамдар, агасы Нуркан Турсунбаев катышты.
Нуркан Турсунбаев: "Мен Татыкемден 4 жаш улуу болсом да, экөөбүз аябай ынак өстүк. Бири-бирибизге жан тартып, жакшы көрчүбүз. Мүнөзү эркектикиндей болчу, айылда жүргөндө атты мыкты чабар эле. Ал театрда болгону 15 жыл иштесе да, кылымга тете иш аткарып кетти. Аз убакыт аралыгында көптөгөн башкы ролдорду жаратты. Быйыл көзү тирүү болсо 70 жашка чыкмак, анын арабызда жоктугуна 33 жыл болду",- деди.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында уланып, конференция өткөрүлөт. Ошондой эле театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлмөкчү.