Жакынкы аралыкта 9 калыс Эл аралык бокс федерациясынын жылдызына ээ болушкан

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте бокс боюнча өлкө биринчилигинин финалдык беттештери жүрүп жатат. Биринчиликтин жүрүшүндө калыстар тобу КРнын Бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаевге ыраазычылык иретинде чепкен жаап, калпак кийгизишти. 
Анда маалым болгондой, А.Халмурзаев федерацияны жетектеп баштагандан бери калыстардын эл аралык деңгээлде иштөөсүнө мүмкүнчүлүк арткан. Мисал катары калыстар тобунун мүчөсү жакынкы аралыкта 9 калыстын ийгиликтүү сынактан өтүп, AIBA`нын (Эл аралык бокс федерациясы) 1 жылдызына ээ болушканын айтты. Ал эми А.Халмурзаев өз сөзүндө бул калыстарга болгон талаптын артканын баса белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан